4-сентябрда Бишкектин четиндеги “Жунхай” базарынын соодагерлери нааразылыкка чыгып, жабык турган кампаларды ачууну талап кылышты. Соодагерлер салыкчылар миллиондогон салык төлөөгө мажбурлап жатканын айтышса, аталган кызмат мыйзамсыз соодага каршы күрөш жүрүп жатканын билдирет.
Троллейбус айдап иштегендер кечээ, 10-августта да, акцияга чыгып, эгер маянаны көтөрбөсө жумуштан кетишерин билдиришкен. Алар орто эсеп менен 22 миң сом маяна алат. Бул акча эч нерсеге жетпей жатканына нааразы болгон айдоочулар айлыгын 70 миң сомго чейин көтөрүүнү талап кылышкан. Кечээ Троллейбус башкармалыгы 50 миң сомго чейин жогорулатууга даярдыгын билдирген. Кээ бир айдоочулар бул дагы аз экенин айтып, иштен кетүүгө камынып калышкан.
Коомдо кызмат убагында каза болгон прокурордун үй-бүлөсүнө 21 миллион сом компенсация берилгени тууралуу маалымат чоң талкуу жаратты. Кызыгы, буга депутаттар да нааразы болду. Мыйзам эмне дейт?
Үстүбүздөгү жылдын январь-март айларында 173 миң кыргызстандык Россияга иштегени барган. Бул туурасында Sputnik Ближнее зарубежье Телеграм каналы Федералдык коопсуздук кызматына таянуу менен жазды.
«Инсан-Лейлек» коомдук фондунун ишинин негизги компоненттеринин бири – Кыргызстандан барган эмгек мигранттарынын укуктарын илгерилетүү жана коргоо. Евразиядагы акыркы геосаясий окуялар, атап айтканда, Россия Федерациясына каршы бир катар эл аралык санкциялардын киргизилиши, жарыяланган жарым-жартылай мобилизация жана Россиядагы миграциялык саясаттын өзгөрүшү Кыргызстандын эмгек мигранттарына болуп көрбөгөндөй таасирин тийгизүүдө.
Евразия экономикалык комиссиясынын кеңешинин жыйынынын алкагында министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев жана Казакстан премьер-министринин орун басары — соода жана интеграция министри Бахыт Султанов Россияга багыт алган жүк ташуучу унаалардын токтоп тургандыгы боюнча маселени талкуулады.
16-марттан тартып Москванын эң чоң аэропорту - “Шереметьеводо” кызматкерлердин 40% кыскартылганы кабарланды. Көп өтпөй жумушчулардын 20% гана иши убактылуу токтотулганы айтылды. Дүйшөмбүдө орусиялык басылмалар “Шереметьево” аэропортунун башкы директору Михаил Василенко кызматкерлерди 40% чейин убактылуу кыскартуу жөнүндө буйрук чыгарганын маалымдашты. Бирок ал мөөнөт канчага созулары айтылган эмес. Кийинчерээк “Шереметьевонун” администрациясы убактылуу ишин токтоткондор 40% эмес, 20% экенин билдирди.
Кыргыз-казак чек арасындагы "Ак-Тилек" көзөмөл бекетинде Казакстандын аймагына кирүү үчүн кезек күткөн автоунаалардын саны көбөйүп, беш чакырымга чейин тизилип турушат. Бир тобу тийиштүү уруксат кагаздарын даярдабай барып алгандар. Ибрагим Паншаров Бишкектин түндүк тарабындагы айланма жолдо Токмок шаары тараптан келип кезекте турат. Кыргыз-казак чек арасындагы "Ак-Тилек" көзөмөл өткөрмө бекетинде анын кезеги тез дегенде бир суткада жетчүдөй.