Жаңылыктар

24 Кызматтар, 2022 / Кыргызстан
Кыргыз-казак чек арасы: Кезек күткөн машинелер көбөйдү

Кыргыз-казак чек арасы: Кезек күткөн машинелер көбөйдү

Кыргыз-казак чек арасындагы "Ак-Тилек" көзөмөл бекетинде Казакстандын аймагына кирүү үчүн кезек күткөн автоунаалардын саны көбөйүп, беш чакырымга чейин тизилип турушат. Бир тобу тийиштүү уруксат кагаздарын даярдабай барып алгандар. Ибрагим Паншаров Бишкектин түндүк тарабындагы айланма жолдо Токмок шаары тараптан келип кезекте турат. Кыргыз-казак чек арасындагы "Ак-Тилек" көзөмөл өткөрмө бекетинде анын кезеги тез дегенде бир суткада жетчүдөй.
21 Кызматтар, 2022 / Кыргызстан
Мигранттардын абалы, депутаттардын талабы

Мигранттардын абалы, депутаттардын талабы

Жогорку Кеңештин эл аралык иштер боюнча тармактык комитети Орусиядагы мигранттарга жаралган тоскоолдуктар боюнча өкмөттүн маалыматын укту. Мигранттарга карата шарттардын катаалданышы ушул күндөрү спикер баштаган парламенттик делегациянын Москвага сапары учурунда дагы көтөрүлдү. Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине мүчө болгону менен Орусиядагы мигранттарга жеңилдик берилбей жатканын айрым депутаттар айтып чыгышты. Кээ бири биримдиктен чыгуу маселесин көтөрө турган учур келгенин белгилешти.
18 Кызматтар, 2022 / Кыргызстан
Кыргыз-казак чек арасынан жүк өткөрүү кыйындады

Кыргыз-казак чек арасынан жүк өткөрүү кыйындады

Жогорку Кеңеште 16-февралда кыргыз-казак чек арасынан жүк ташуучу машинелердин өткөрүлбөй жатышына байланышкан маселе көтөрүлдү. Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев маселеге байланыштуу эки тарап Казакстанда сүйлөшүүлөрдү жүргүзө баштаганын, анын жыйынтыгы азырынча чыга электигин билдирди.
11 Кызматтар, 2022 / Кыргызстан
Карачалов: курулуш иштеринде эки тарап келишим түзүп алганы оң

Карачалов: курулуш иштеринде эки тарап келишим түзүп алганы оң

Курулуш жана курулуш өнөр жай материалдары профсоюзунун республикалык комитетинин төрагасы, Бизнес жана социалдык өнүктүрүү академиясынын ректорунун кеңешчиси Элдияр Карачалов куруучу менен кардардын укук, милдеттерине токтолду. Куруучулар коркпой эле кардарлар менен келишим түзүп алганы дурус. Бул тууралуу Элдияр Карачалов Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
20 Орусча, 2021 / Кыргызстан
Абакта кордук көргөн аял кенемтенин суммасына нааразы

Абакта кордук көргөн аял кенемтенин суммасына нааразы

Майлуу-Суу шаарынын тургуну, 51 жаштагы Роза Горбаева убактылуу кармоочу жайда (ИВС) үч жылдан ашык отурган. Бул аралыкта кордук көргөнү үчүн мамлекеттен 10 млн. сом компенсация төлөп берүүнү талап кылып, сотко кайрылган. Ишти Бишкектин Биринчи май райондук соту карап, 16-ноябрда аялдын арызын жарым-жартылай канааттандырды. Сот чечимине ылайык мамлекет Горбаевага 50 миң сом төлөп берүүгө тийиш.  "Ыйладым... Сот чечим чыгарганда ызама чыдабай ыйладым. Кыргызстанда акыйкаттык жок экен. Үч жарым жыл убактылуу кармоочу жайларда көргөн кордугум үчүн 50 миң сом төлөп берсин дейт. Мага 50 миңдин кереги жок. Мен 10 млн. сом компенсация талап кылгам. Арызды акча үчүн эмес, принцип үчүн жазгам. ИВСтерде аялдар үчүн эч кандай шарт жок".
29 Тогуздун айы, 2021 / Кыргызстан
IRI: Кыргызстандыктар эң негизги көйгөй катары баалардын өсүшүн атады

IRI: Кыргызстандыктар эң негизги көйгөй катары баалардын өсүшүн атады

Кыргызстандыктарды эң олуттуу көйгөй катары жашоо деңгээли, баалардын өсүшү ойлондурат. Бул тууралуу Эл аралык республикалык институту (IRI) 11-26-сентябрь күндөрү жүргүзгөн сурамжылоосунун жыйынтыгында белгилүү болду. Сурамжылоого катышкандардын 61% жашоо деңгээли жана баалардын өсүшүн эң башкы көйгөй катары атаган. Аталган институттун 21-февралдан 5-мартка чейин жүргүзгөн изилдөөсүндө кыргызстандыктар (59%) эң олуттуу көйгөй катары жумушсуздукту белгилешкен. Бул жолу жумушсуздук көйгөйү экинчи орунга (51%) түшкөн.
23 Теке, 2021 / Кыргызстан
Хадича Аскарова: акыйкаттык үчүн күрөштү уланта берем

Хадича Аскарова: акыйкаттык үчүн күрөштү уланта берем

“Азимжан Аскаровдун эч кандай күнөөсү жок. Анын күнөөсү акыйкат үчүн күрөшүп, карапайым элге жардам бергени болду. Күч огандары аны жаман көрчү эле, июнь окуясы шылтоо болуп, жалган доомат менен камалды".
21 Кулжа, 2021 / Кыргызстан
Жарандык коом маалымат мыйзамын четке кагууга чакырды

Жарандык коом маалымат мыйзамын четке кагууга чакырды

Жогорку Кеңештин бир канча депутаты социалдык тармактагы фейк-аккаунттар менен күрөшүү үчүн былтыр президент тарабынан артка кайтарылган “Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө" мыйзам долбоорун тез арада кабыл алууга чакырык жасашты.
03 Кулжа, 2021 / Кыргызстан
Митингге чыккан кесиптик кошуундар бирлигинин талабы канаатандырылды

Митингге чыккан кесиптик кошуундар бирлигинин талабы канаатандырылды

Митингге чыккан кесиптик кошуундар бирлигинин талабы канаатандырылды. Бул тууралуу VB.KG`ге Кыргызстан Куруучулар профсоюзунун төрагасы Элдияр Карачалов билдирди.