Жаңылыктар

01 Кулжа, 2021 / Кыргызстан
Кыргызстан: Кедейчилик кендирин кескен балалык

Кыргызстан: Кедейчилик кендирин кескен балалык

Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, ушул тапта Кыргызстанда 340 миң бала жакырчылыкта жашайт. Алардын көпчүлүгүн жалгыз бой энелер багат.
29 Чын куран, 2021 / Кыргызстан
Карачалов: кыскартылган кызматкер иш тапкыча мекеме айлык төлөөгө милдеттүү

Карачалов: кыскартылган кызматкер иш тапкыча мекеме айлык төлөөгө милдеттүү

Куруучулар жана курулуш өнөр жайы профсоюзунун төрагасы Элдияр Карачалов кызматкер кыскартууга кеткен учурда кандай укуктары бар экенин айтып берди.
16 Чын куран, 2021 / Кыргызстан
Бишкекте медкызматкерлер тынчтык жүрүшүнө чыгышты

Бишкекте медкызматкерлер тынчтык жүрүшүнө чыгышты

Жогорку Кеңештин имаратынын алдына медицина кызматкерлери тынчтык жүрүшүнө чыгышты. Тынчтык жүрүшкө чыккандар пандемия маалында медкызматкерлер күнү-түнү иштегенин айтып, кенемте төлөнбөй жатканын белгиледи. Ошондой эле алар профсоюздун кереги жоктугун айтышууда. Алдын ала маалымат боюнча, жүрүшкө 100дөй адам чыккан.
10 Чын куран, 2021 / Кыргызстан
Жумушсуздардын катары калыңдады

Жумушсуздардын катары калыңдады

Эл аралык республикалык институт (IRI) Кыргызстанда эң чоң көйгөй жумушсуздук экенин аныктады. Уюм өткөн аптада өлкөнүн социалдык абалы тууралуу иликтөөсүн жарыялады. Расмий статистикага ылайык, Кыргызстандагы 200 миңдей адам жумушсуз. Бирок алардын саны мындан алда канча көп экени айтылып жүрөт.
05 Чын куран, 2021 / Кыргызстан
Сот реформасы кайрадан козголду

Сот реформасы кайрадан козголду

Парламент 31-мартта Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиеваны кызматынан убактылуу четтетүү боюнча президенттин сунушун колдоп берди. 1-апрелде президент Жапаров Соттук реформа боюнча кеңешти жоюп, Сот жана укук коргоо ишин өркүндөтүү деп аталган жаңы кеңеш түздү. Ага президент өзү төрагалык кылмай болду.
01 Чын куран, 2021 / Кыргызстан
Элди кыйнаган кымбатчылык

Элди кыйнаган кымбатчылык

"Мугалимдин айлыгы менен батир төлөп, бала багуу оор. Жолдошум төрт жыл мурун каза болгон. Төрт балама миң сомдон жөлөк пул чыгат. Айлам кеткенде дем алыш күндөрү сабактан чыгып алып, бирөөлөрдүн үйүн тазалайм. Үч күндө иштеп тапкан акчамды өзүмдүн, балдарымдын жол киресине, батир акысына, тамак-ашка жеткирүү оор. Үч жыл мурда шаарда шарты бар үйдө жашачубуз. Былтыр күзүндө бир бөлмөлүү үйгө чыккам. Жакында андан да баш тартып, "Дордой" базары жактан жер үйдүн бир бөлмөсүнө көчүп бардым. Балдар менен батирлеп жүрүү да оңой эмес. Төрт бала менен бир бөлмөдөбүз. Өкмөт айлык акы менен жөлөк пулду көбөйтө албаса да, азык-түлүктүн баасын көтөрбөй кармап турса жакшы болмок".
09 Март, 2021 / Кыргызстан
Аялдар маршы: Теңчиликтин жарчысы

Аялдар маршы: Теңчиликтин жарчысы

Бишкекте «Аялдардын тилектештик маршы» өттү. Акцияда аялдардын укуктары, гендердик теңчилик, зордук-зомбулукка каршы ураандар чакырылды. Жүрүш бул ирет тынч, эч бир чыр-чатаксыз жыйынтыкталды.
04 Март, 2021 / Кыргызстан
БИР ДҮЙНӨ-КЫРГЫЗСТАНДЫН АЧЫК КАЙРЫЛУУСУ КРНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ, ЖАРАН У.А.МАРИПОВГО

БИР ДҮЙНӨ-КЫРГЫЗСТАНДЫН АЧЫК КАЙРЫЛУУСУ КРНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ, ЖАРАН У.А.МАРИПОВГО

Биз Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 100 күндүк Планы менен дыкат таанышып чыктык.  Биз өлкөдөгү социалдык-экономикалык абалды жакшыртуу боюнча жаңы кадамдарды кубаттайбыз. Революциядан кийинки жаңы бийликтен, чечимдерди кабыл алуу процессинде коомдук деңгээлден  улуттук деңгээлге чейинки активисттердин бирдей катышуусун көп жылдардан бери күткөн жарандардын аялуу группасын толкунданткан сунуштарды эске аласыз деген ойдобуз. Биз, эмгектеги теңсиздикке жана эмгекчилердин укуктарын коргогон Кыргызстандагы жана чет өлкөдөгү көз карандысыз профсоюздар аркылуу бизнес менен бийликтин өнөктөштүгүн колдоонун маанилүүлүгүнө көңүл буруп коюңуздарды суранабыз. Аялдарга жана кыздарга тыюу салынган кесиптердин тизмесин тез арада жокко чыгаруу маанилүү, анткени аялдардын эмгеке бирдей катышуусуна тыю салып, аялдардын укугун ачык басмырлаган КРнын Өкмөтүнүн токтому бүгүнкү күнгө чейин иштеп келет.