Адам укуктары боюнча даректүү тасмалардын «Бир дүйнө Кыргызстан - 2020» XIV эл аралык фестивалында дүйнөнүн он чакты өлкөсүнөн экологиясы бузулган, таза суусуз оор аймактарды, аялдардын, балдардын, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын укугун чагылдырган 15 даректүү тасма көрсөтүлөт.
«Бир Дүйнө-Кыргызстан – 2020» адам укуктары боюнча даректүү тасмалардын ХIV эл аралык фестивалы
"Адамдар жана кырсыктар: тобокелдиктер кырсыктарга айланбашы үчүн кандай кылуу керек?" темасына арналат. Кырсык тобокелдиктерин төмөндөтүү — бул кырсыкка туш болгон шарттарда жашап кетүү маселеси гана эмес, бул – жарандардын алардын чөйрөсү үчүн мүнөздүү болгон тобокелдиктерди аларды зыяндан коргой турган жана жашоо-турмушун жакшырта турган ыкма менен мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүү.
Беларустун Кыргызстандагы элчилигинин алдында беларус элин колдогон акция өттү. Он чакты адам катышкан жыйынды «Бир дүйнө - Кыргызстан» укук коргоо уюму уюштурду. Алар Беларуста тынч акцияларга чыккандарды куугунтуктап, камакка алууну токтотууну талап кылышты.
Жакырлардын саны өлкөдө расмий түрдө миллиондон ашчу жана жылдан жылга азайып жаткан. Чек аралар жабылып, ишканалар карантинге кабылгандыктан бул жылы экономика да кыйын күнгө туш болууда. Мекеме өз талдоосуна таянуу менен тейлөө кызматынан, мигранттар которгон акчадан жана жаратылыш ресурстарынан көз каранды кыргыз экономикасына COVID-19 пандемиясы өтө оор сокку урарын эскертти.
Өткөн аптада Кыргызстанга Орусиядан кайтып келген 400гө жакын адамдын басымдуу бөлүгүн балалуу жана кош бойлуу аялдар түздү. Ага чейин учакка отурбай калган мигрант аялдар карантинде оор кырдаалга кабылганын айтып, кыргыз бийлигине кайрылышкан. Бул окуя Орусиядагы мигрант келиндердин абалына жана саламаттыгына байланыштуу маселени күн тартибине чыгарды.
2020-жылдын 1-июнунда саат 10.00до Бишкек шаардык административдик сотунда (Ибраимов 64, тел.: 0312 681390, 622731) Азимжан Аскаровдун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө административдик доосу боюнча алгачкы отурум болуп өтөт. 2020-жылдын 11-майында сот процесси КРнын 2020-жылдын 11-апрелиндеги "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзамына ылайык район аралык сотторду кайрадан уюштурууга байланыштуу болгон жок.
«Азимжан Аскаровдун ишинин артында Аскаровду мыйзамсыз кармаган милиция кызматкерлери, тергөөчүлөр бар. Бул ишке аралашкан прокурорлор Жогорку сотто, Башкы прокуратурада кызматта отурушат. Булардан башка да чиновниктер бар. Биз Кыргызстандын азыркы акыбалын жакшы түшүнүп турабыз. Кыргызстанда сот реформасы туңгуюкта жана эч кандай адилеттүүлүк жок экенин бүгүн дагы бир жолу көрдүк».
Ранее Комитет гражданского контроля также направлял главе государства обращение с просьбой защитить основных свидетелей крупных коррупционных схем, таких как Эмилбек Кимсанов. Но и правозащитники, и родственники бывшего сотрудника ГТС отмечают, что власти никак не отреагировали на эти призывы.