01.12.2020 / Кыргызстан

Элдияр: Беларустар Кыргызстанда мародерлук болбогонуна көңүл бурду

Элдияр: Беларустар Кыргызстанда мародерлук болбогонуна көңүл бурду

Беларусту 26 жылдан бери башкарып келген Лукашенко август айында президенттик шайлоодо жеңишке жеткенден бери өлкөдө нааразылык акциялар уланып келет. Оппозиция шайлоо бурмаланганын айтууда.

Өткөн жекшемби күнү дагы демонстрациялар болуп, эки жүздөн ашуун киши камакка алынды. Кармоо, убактылуу камоо сыяктуу чараларга карабай тургундар ар башка форматтагы нааразылык акцияларын өткөрүүдө.

Би-Би-Си бир нече жылдан бери Беларуста жашап жаткан кыргызстандыкка байланышып, соңку кырдаалды сурады. Маектешибиз жеке коопсуздугунан улам аты-жөнүн жашыруун бойдон калтырууну өтүндү. Биз анын ысымын Элдияр деп өзгөрттүк.

рпл.jpg
Би-Би-Си: Беларуста соңку абал кандай?

Элдияр: Жеке байкоолорум боюнча нааразылыктын деми август, сентябрь айдагыга салыштырмалуу басаңдап бара жаткандай туюлат. Башында борбордук көчөлөрдө бут коёрго жер жок болуп жаткан эле. Айрымдар 200-300 миң киши деп жатышты. Анча болбосо да кеминде 100 миңден ашуун киши чыкты окшойт. Бирок азыркысы да башка бир нукка өттү десем болот. Күч органдары кармап кетпесин, кууп таратканга тоскоол болсун деген ойдо баары бир жерге эмес, коңшу-колоңдор өздөрү жашаган короолордо митингдерди улантып жатышат.

Би-Би-Си: Октябрь айында Кыргызстандын саясий турмушунда болуп өткөн чукул бурулуштар тууралуу сиз тааныган беларустар эмне деп жатышат?

Элдияр: Бул темада сүйлөшкөндөр "кантип бир түндө эле ушундай кылып жибердиңер" деп сурап калышат. Кээ бири таң калса, кээ бири тамашага салат дегендей. Толук кандуу болбосо да кээ бирлеринин бир топ эле маалыматы бар десем болот. Себеби алар 2005, 2010-жылдардагы окуяны азыркы менен да салыштырып калышат. Айырмачылыгы бул жолу мародерлук болбогонуна да көңүл бургандар болду. Аябай кызуу талкуу жүрбөсө дагы суроо болуп калат. Бирок алар абалды тынчтык жолу менен өзгөртүү позициясын кармангандай. Бир көрүнүштү байкадым - Беларуста бул окуяга чейин саясат тууралуу анчейин деле сөз кылышчу эмес. Балким, кооптонушса керек же саясаттан оолак болушчу. Азыр болсо кайда болбосун саясат тууралуу кызуу кеп кылып калышты. Ушуну байкадым.

_11516794.jpg

Би-Би-Си: Беларустар Кыргызстандагы дал ошол окуяларды прогрессивдүү кадам катары карап жатышабы же кызуу кандуулуктун иши катары кабыл алыштыбы?

Элдияр: Албетте, мен баары бир беткей мындай же тигиндей деп айтуудан алысмын. Анын үстүнө бул элдин кулк мүнөзүн да жакшы эле билип калдым. Биздин эл менен бул элдин бир нече айырмасы бар. Бизде мамлекетке караштуу ишкана, мекеме дегендер саналуу эле. Беларуста болсо анын көрсөткүчү 50-60 пайызга чейин жетсе керек. Анда иштеген жумушчулар сөзсүз түрдө кайсы бир деңгээлде административдик ресурска көз карандылыгы бар. Дагы бир айырмасы, Кыргызстанды авторитардык өлкөлөр курчап турса, булардын бир тарабын Европа өлкөлөрү курчап турат. Үчүнчү бир айырмасы, калкынын санын ала турган болсок, милициянын саны да биздикине караганда алда канча көп. Ушул сыяктуу факторлор саясий абалдын, саясий жүрүштөрдүн форматына таасир этсе керек. Биз беларустун жараны болбогон соң, бул сыяктуу окуяларга аралашпайбыз. Колубуздан келишинче эрежени бузбай оолак болобуз. Консулдуктан да мыйзам, эреже тууралуу сунуштар берилип турат.

Би-Би-Си: Беларуста жашаган же ал жакка барып келген кыргызстандыктарга такай бере турган тамашалуу суроо бар эмеспи. Тагыраак айтканда шаар аралап жүрүп же көчө бойлоп баратып бозгундагы мурдагы президент Курманбек Бакиевди же туугандарын көрө алдыңарбы дегендей?

Элдияр: Ооба, ушундай тамашалуу суроо бар. Биз ал кишини же жакындарын көрө алган жокпуз. Бизде аны издейли же жолугалы дегенге деле эч кандай муктаждык болгон жок. Бишкекте "Царское село" деген сыяктуу конуш бул жакта да бар. Ошол жакта жашайт деп айтып калышат. Кээде такси менен ары-бери жүрүп калганыбызда таксисттер мына тээтиги тарапта жашайт деп болжолдуу айтып калышат. Ага деле көңүл бурбайбыз.

Би-Би-Си: Эми кайрадан нааразылык акцияларына келсек. Беларустагы саясий окуяларда бир нече аял лидерлердин да таасири тууралуу айтылып келет. Светлана Тихановскаяга эл арасындагы көз караш кандай?

Элдияр: Тамашалап "Света" деп коюшат. Өз аты Светалана эмеспи. Ага карата бир кылка көз караш жок. Аны колдогондор да бар. Аны колдогондор Тихановскаяны техникалык талапкер же техникалык президент катары көрүшөт. Ошол эле учурда аны "качып кетти, жетишсиз аракет көрүп жатат" деп сындагандар да бар.

_115067574_hi064015157.jpg
Би-Би-Си: Дүйнө пандемия деп кескин чараларга барып, чек арасын жаап жаткан учурда Беларус такыр башка ыкма менен күрөшөбүз деген чечим кабыл алды. Ошонун жыйынтыгы кандай болду, азыр абал кандай?

Элдияр: Мен иштеген компания өнүккөн өлкөлөр менен кызматташкандыктан ал жактагы өнөктөштөрүбүз аралыктан эле иштесеңер деп сунуш берип жатты. Онлайн иштедик. Ошондуктан сыртта чыныгы абал кандай болгонунан толук кандуу кабарым жок. Бирок биринчи толкун учурунда мен тааныган кесиптештеримдин биринин атасы ооруп калыптыр. Ал киши дарыгер экен. Анализ тапшырган учурда вируска кабылганы аныкталган экен. Ага карабастан жогору жактан көрсөтмө берилди деген жүйөө менен анын анализин таза, вирус жуккан эмес деп чыгарып берип койгон. Анализи таза болгон соң ооруканага жата албай, жатпайын десе ооруп кыйналганын айтты. Ошондуктан кесиптешим бир-эки ай атасынын жанында болду. Статистика бурмаланды деп келишет. Ноябрь айында вирустун жайылышы биринчи толкундагыдан көбүрөөк болуп жатат окшойт. Себеби, ооруканаларда орун жок деп жатышат.

Би-Би-Си: Беларустагы кыргызстандыктар бири-бириңиздерден кабар алып турасыздарбы? Мамилеңиздер кандай?

Элдияр: Мен элүү чакты мекендешибизди тааныйм. Мамилебиз жакшы. Келсе тосуп алып, колдообузду көрсөтөбүз. Кетип жатса узатып коебуз. Ыңгайы келген учурда шерине сыяктуу уюшуп алып сый тамак ичип да калабыз.

BBC NEWS