18.02.2022 / Кыргызстан

Кыргыз-казак чек арасынан жүк өткөрүү кыйындады

Кыргыз-казак чек арасынан жүк өткөрүү кыйындады

Жогорку Кеңеште 16-февралда кыргыз-казак чек арасынан жүк ташуучу машинелердин өткөрүлбөй жатышына байланышкан маселе көтөрүлдү.

Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев маселеге байланыштуу эки тарап Казакстанда сүйлөшүүлөрдү жүргүзө баштаганын, анын жыйынтыгы азырынча чыга электигин билдирди.

Казакстанга оор жүк ташыган кыргызстандык ишкерлер казак бажычылары соңку бир жумадан бери товарларды "эч себепсиз текшерип жатат" деп нааразы болуп жатышат. Айдоочулардын айтымында, казак бажычылары муну "Карасу" (Кыргызстандагы "Ак-Тилек" бекети) бекетинде рентгендин иштебей калганы менен түшүндүргөн. Казакстан азырынча бул жаатта расмий маалымат тарата элек.

Азыркы тапта "Карасу" ("Ак-Тилек") чек арада 50дөн ашык оор жүк ташыган машине турат, алардын айрымдары өтө албай артка кайткан. Кыргызстан Казакстан аркылуу Орусиянын ири шаарларына кийим-кече, азык-түлүк экспорттойт. Ушул эле ишкерлер кайра Орусиядан жана Казакстандан курулуш материалдарын, жашылча-жемиш жана башкаларды ташып келет.

Кыргыз-казак чек арасында өтө албай турган оор жүк ташуучу автоунаалар
Кыргыз-казак чек арасында өтө албай турган оор жүк ташуучу автоунаалар

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара кызматы кыргыз тараптан оор жүк ташыган автоунааларды өткөрүүдө маселе жок экенин, “Ак-Тилек” бекети кадимки режимде иштеп жатканын билдирди. Ал эми казак тарап расмий маалымат тарата элек.

Чек арада убара тарткан ишкерлер

Кыргызстандан Орусиянын Новосибирск шаарына Николай 22 тонна сабиз алып баратат. Ал Казакстандын жараны. "Карасу" бекетинен эки күндөн бери өтө албай турганын маалымдады:

Николай
Николай

"Алар мени сабизди жылдырып, ортосунан жол ач деп мажбурлап атышат. Алгач “бизде рентген иштебейт” деген, анан кайра “текшерүү болуп атат”, ошондуктан ит менен кирип текшеребиз деди. Эки суткадан бери чек арадан өтө албай турам, кардарым болсо тынымсыз чалып, товарын доолап атат. Бул жерде туруп күнүнө бери дегенде 5 миң сомго чыгым болуп атам. Сабиз бузулбай, жакшы сакталсын деп муздаткыч иштетебиз, күнүнө 50 литр солярка чыгымдалып атат, андан сырткары жеген-ичкеним бар. Жумушчуларды жалдап, жол ачтырып атам, суукта оңой эмес экен. Чек арадан өтсөм кайра жумушчу жалдайм, ордуна коюп жүктөш керек. Рентген жок, ит менен кирип текшеребиз деп айтышты, бирок эч жерде бул тууралуу маалымат илишпептир".

Соңку үч күндөн бери 30дан ашык оор жүк ташуучу унаа чек арадан өткөрүлбөй артка кайтарылган. Жекшенбек Үмөталиев да Москвага Кыргызстанда тигилген кийим-кечелерди ташып иштеген айдоочу. Ишкер жүктөп берген товарды ал үч суткада Орусиянын борбор калаасына жеткирип, ал үчүн 200 доллар айлык алат.

Жекшенбек Үмөталиев, айдоочу
Жекшенбек Үмөталиев, айдоочу

"Үйдө жаткыча жакшы жумуш деп кирип алганыма үч жылдан ашты. Ушинтип, чек арада узун кезек жаралган күндөр Атамбаевдин учурунда да болгон. Анда аябай кыйналганбыз, өзгөчө капуста, помидор, бадыраң ташыгандардын товары чирип, бир далайы чыгым болгон. Бул жолу деле абал ошого окшошуп баратат. Тээтиги жерде буудай, көмүр ташыгандар турат. Аларды да "буудайыңарды жылдырып, ортосунан жол ачкыла" дептир, азыр эми эмне кыларын билбей отурушат. Алар кантип жол ачат? Буудайдын баары төгүлбөйбү! Менин товарды ачканга да укугум жок, пломба басылган, айлам жогунан ушул жерде турганыма төрт күн болду. Эми ал рентгени качан оңдолот, кандай болот, ким билет?".

Кыргыз-казак чек арасында өтө албай турган жүк ташуучулардын көйгөйү парламентте дагы бир нече ирет көтөрүлдү. Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин 14-февралдагы жыйынында депутат Чыңгыз Айдарбеков бул маселени Тышкы иштер жана Экономика министрлигинин, Бажы кызматынын өкүлдөрүнүн катышуусунда талкуулоону сунуштады:

Чыңгыз Айдарбеков
Чыңгыз Айдарбеков

"Казакстандын аймагында транзит максаты менен кирген оор жүк ташуучуларда орчундуу көйгөйлөр чыгат. Биздин фуралар "Ак-Тилек" жана башка өткөрүү пунктардан араң өтүп, ЕАЭБдин принциптерине туура келбеген жасалма тоскоолдуктарга дуушар болууда. Эң чоң маселе - "Кордай" жакта "Барыз" деген кампа аркылуу өтүшү керек экен. Бул бажы жана чек ара жактагы эмес, жөнөкөй кампа. Ал жакта бейбаштык жана башаламандык пайда болот. Ошол жерде биздин фуралар жумалап, бир айдай негизсиз турат. Болгон товарларды ачып, таңгактарды бузат. Документтерди алып, кайра бербей коюшат экен. Казакстандын өткөрүү пунктарында рентген жабдыктар тез-тез бузулуп, иштебей калгандыктан, фуранын ичинде текшерүү үчүн технологиялык катар түзгүлө деп талап коюшуптур".

Парламенттин 16-февралдагы жалпы жыйынында депутат Бакыт Төрөбаев да бул маселеге кайрылды. Ал ЕАЭБге кирген учурда түзүлгөн келишимдер бузулуп жатканын айтып, аны кайрадан карап чыгуун тууралуу демилге көтөрдү.

Бакыт Төрөбаев
Бакыт Төрөбаев

"ЕАЭБге киргенде биз төрт эркиндик алганбыз. Бул - товардын жүрүшү, жумушчулардын кыймылы, капитал жана кызмат көрсөтүү. Казакстанда биздин ишкерлер көп мүшкүлдөргө туш болуп жатат. Жумушчуларга медициналык кароодон өтүш керек деген шылтоолор менен бизге чектөө болуп жатат. Капиталдын жүрүшү дегенде, биздин балдардын Кыргызстанга акча которуусунда дагы чектөө бар. Кызмат көрсөтүүдө дагы көйгөйлөр бардыр. Биздин биримдикте министрлерибиз бар. Алар бул жерде кызматы жок болгондо кооз сөздөрдү сүйлөйт эле. Алардын үнү чыкпай жатат. Кайра эле биздин ишкерлер, жарандарыбыз кыйнала береби?", - деди Төрөбаев.

"Чек ара маселеси акырындап чечилет"

Кыргызстандын экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев кыргыз-казак чек арасында ишкерлер тушугуп жаткан маселе чечилет деп ишендирди. Ал Казакстан ЕАЭБдин талаптарын бузуп жатканын белгиледи:

Данияр Амангелдиев. Экономика жана коммерция министри
Данияр Амангелдиев. Экономика жана коммерция министри

"15-февралда Казакстанга барып, алардын соода министри жана вице-премьери менен жолугам деп тургам. Бирок менин ордума орун басарым Элдар Алишеров иш сапары менен Казакстанга жөнөп кетти. Азыр эки тараптуу сүйлөшүүлөр бүтө элек, толук бир чечимге келгенде жалпыга маалымдайбыз. Негизинен азыр ЕАЭБдин алкагында убадаланган макулдашууларды казак тараптан чындыгында бузуулар болуп атат. Бирок бул кемчиликтерди алар моюнуна албай жаткандыктан, жай отуруп сүйлөшүү зарылдыгы келип жетти. Канткен күндө дагы маселе чечилет. Балким биз электрондук пломба жана эсеп-фактураларды киргизебиз. Ал эми навигация пломбалары боюнча келишимдердин мөөнөтү бүтүп калып, ал дагы иштебей турат. Эгер мунун баары четинен аткарылса, кыргыз-казак чек арасынан өтүүдө кыйла жеңилдиктер пайда болуп, тоскоолдуктар жоюлат. Бул үчүн убакыт керек”.

Импортко көз каранды Кыргызстан үчүн Казакстан башкы транзиттик жол болуп эсептелет. Тигил же бул мамлекетте саясий кризис орун алган маалда Кыргызстан андан жабыр тартып да калат. Айрым саясатчылар Кыргызстан экономикалык абалын жакшыртмайынча, мындай абал кайталана бере турганын айтышат.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Равшан Жээнбековдун пикиринде, 2014-жылы түзүлгөн Бажы биримдиги пайдасыз болорун ошол кездеги оппозициячыл, демократиялык багыттагы саясатчылар айтып чыгышкан.

Равшан Жээнбеков
Равшан Жээнбеков

“Кандай гана келишим болбосун, өзгөчө экономика жана соода тармагындагы келишимдер оңой менен аткарылбайт. Анткени, эки авторитардык мамлекет өлкөнүн кызыкчылыгын эмес, ошол өлкөдөгү чиновниктердин кызыкчылыгын туу тутуп иштейт. Азыркы күндө Казакстанда ар кандай саясий топтор бийликте турат. Кыргызстандын товарын чектөө, бут тосуу, өткөрбөй коюу – демек кайсы бир саясий топтордун кызыкчылыктарына туура келет дагы, алар дайыма бул үчүн түрдүү себептерди ойлоп таба берет. Ушундай басымдар аркылуу алар биздин бийлик менен болгон бир топ маселелерди чечип алганга да аракет кылып турат. Кыргызстандын экономика министри да түзүлгөн жагдайды жайгара албайт. Балким президенттердин деңгээлинде караса болот. Бирок, бул дагы убактылуу. Анан кайра эле финансылык олигархтык топтордун, коррупциялык топтордун үстөмдүгү күч алат. Биздин бир гана жолубуз бар - Кыргызстан финансылык-экономикалык абалын күчтөндүрүп, ички ресурстарын көбүрөөк иштеткен мамлекет болушу зарыл”.

Евразия экономикалык биримдиги (ЕАЭБ) 2010-жылы Беларус, Казакстан жана Орусиянын Бажы биримдиги катары түзүлгөн. 2015-жылы уюмга Кыргызстан менен Армения кошулган.

Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, 2021-жылдын тогуз айында Казакстандан 38 млн. 758 миң доллар инвестиция келген. Кыргызстандын соода алакасында ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ичинен Казакстан 32% үлүшү менен экинчи орунда турат.

2021-жылдын 11 айында Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсү 6 млрд. 278 млн. доллар болгон. Анын ичинде экспорт 1 млрд. 449 млн. доллар, ал эми импорт 4 млрд. 828 млн. долларда түзгөн.

Ал эми 2020-жылы Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсү жалпы 5 млрд. 692 млн. доллар болгон, анын 3 млрд. 718 млн. доллары импорт, 2 млрд. жакыны экспорт

Беш мамлекет курамына кирген ЕАЭБ тууралуу келишимдерге ылайык, бул өлкөлөр арасында бажы боюнча тоскоолдуктар болбой турганы айтылган.

Азаттык үналгысы

Кыргыз-казак чек арасындагы өткөрмө бекет.

ДАГЫ КАРАҢЫЗ

Казакстандагы окуялардын кыргыз экономикасына таасири


Капиталдык курулуштан өткөн «Ак-Жол» өткөрмө бекети. 2-март, 2021-жыл.

Чек ара: «Ак Жол» бекети толук ачылды

Кыргыз-казак чек арасындагы «Ак Жол» өткөрмө бекети.

Кыргыз-казак чек арасы мигрантты кыйнады

Акылбек Жапаров менен Аскар Мамин. 8-декабрь, 2021-жыл. Нур-Султан шаары.

ДАГЫ КАРАҢЫЗ

Өкмөт Казакстанга кошумча суу берүү себебин түшүндүрдү