01.04.2021 / Кыргызстан

Элди кыйнаган кымбатчылык

Элди кыйнаган кымбатчылык

Кымбатчылыктан улам Кыргызстанда айрым адамдар кийим-кечелерин азык-түлүккө айырбаштоого өтүштү.

Азык-түлүк, күйүүчү майдын кымбатташы боюнча өкмөттүн маалыматын угуп, талкуулайт деп маалымдалган Жогорку Кеңештин экономикалык жана фискалдык саясат комитетинин 30-марттагы жыйыны кворумдун жоктугунан болбой калды.

"Балдарым бир айдан бери эт жей элек"

Бишкек шаарынын тургуну Ольга Решетникова өзүнүн, балдарынын кийимдерин азык-түлүккө алмаштыра турганын социалдык тармакка жарыялаган. Ал кийимдерди бардык тамак-ашка айырбаштоого даяр экенин "Азаттыкка" билдирди:

Социалдык тармактагы жарыя. Март, 2021-жыл.

Социалдык тармактагы жарыя. Март, 2021-жыл.

"Бизге айырмасы жок. Азык-түлүктүн бардык түрүнө айырбаштай берем. Май, кумшекер, ун, эмне болсо да... Менин кийимдерим айрымдары жаңы бойдон. Аларды да арзан эле берип атам".

Ольга Решетникова мындай кадамга айлык акынын аздыгынан барууга аргасыз болуп жатканын кошумчалады.

Самара Тапкеева Бишкектеги мектептердин биринде мугалим болуп иштейт. Төрт баласын жалгыз багып, батирде турарын айткан Самаранын үй-бүлөсү кымбатчылыктан улам эт жебей калган:

"Кымбатчылык күздөн тартып эле билинди. Анда аз-аздан кошулуп жатса, азыр баалар күн сайын өсүүдө. Үнөмдөө максатында айрым тамактан баш тартууга туура келди. Эт жебей калдык. Балдарым "Качан эт кууруп бересиз?" дешсе, аларга айтар жообум жок. Кумшекер албай калдык. Сары майды унутканыбызга көп болду".

Бишкектеги Ош базары.
 Бишкектеги Ош базары.

Самара Тапкеева маянанын аздыгынан мектептен тышкары дем алыш күндөрү бирөөлөрдүн үйлөрүн тазалап иштейт.

"Мугалимдин айлыгы менен батир төлөп, бала багуу оор. Жолдошум төрт жыл мурун каза болгон. Төрт балама миң сомдон жөлөк пул чыгат. Айлам кеткенде дем алыш күндөрү сабактан чыгып алып, бирөөлөрдүн үйүн тазалайм. Үч күндө иштеп тапкан акчамды өзүмдүн, балдарымдын жол киресине, батир акысына, тамак-ашка жеткирүү оор. Үч жыл мурда шаарда шарты бар үйдө жашачубуз. Былтыр күзүндө бир бөлмөлүү үйгө чыккам. Жакында андан да баш тартып, "Дордой" базары жактан жер үйдүн бир бөлмөсүнө көчүп бардым. Балдар менен батирлеп жүрүү да оңой эмес. Төрт бала менен бир бөлмөдөбүз. Өкмөт айлык акы менен жөлөк пулду көбөйтө албаса да, азык-түлүктүн баасын көтөрбөй кармап турса жакшы болмок".

Расмий маалыматка караганда, коронавирус пандемиясына байланыштуу чектөөлөрдөн улам акыркы бир жылда Кыргызстандын ички дүң продукциясы 8,6% төмөндөп кетти.

Өлкөдө соңку айларда дээрлик бардык тармактарда кымбатчылык өкүм сүрүп, азык-түлүктүн, күйүүчү майдын жана башка товарлардын баасы кескин өстү. Расмий түрдө жалпы инфляция 9,7% деп айтылганы менен айрым товарлар 50% чейин кымбаттады.

Кыргыз өкмөтү азык-түлүктүн, күйүүчү майлардын баасын турукташтыруу боюнча чара көрүлүп жатканын кабарлоодо. Алсак, экономика жана финансы министрлиги өсүмдүк майы менен кумшекердин запасын толтуруу максатында 318,4 миллион сом бөлдү. Бул тууралуу "Азаттыкка" министрликтин басма сөз катчысы Нурила Батыралиева билдирди.

"Мамлекеттик материалдык резервдер фондуна 290,3 млн. сом, аны менен чогуу "Азык-түлүк" программасы боюнча чыгашаларга 220 млн. сом каралган. Кумшекер менен өсүмдүк майынын запасын толтуруу үчүн 318,4 млн. сом бөлүндү. Ошондой эле Финансы министрлиги күнүмдүк керектелүүчү товарларды кымбаттатпай, баасын турукташтыруу максатында бир катар ишкерлер жана соода түйүндөрүнүн жетекчилери менен жолугушкан. Негизги деп саналган азык-түлүктүн: өсүмдүк майы, 1-сорттогу ун, кумшекер жана нандын баасын туруктуу кармоо үчүн "Народный" ("Глобус") жана "Фрунзе" соода үйлөрүнүн жетекчилери, дүң сатуучулар менен макулдашуу түзүлдү. Макулдашуу 1-июнга чейин күчүндө болот".

Азык-түлүк коопсуздугу камсыздалабы?

30-мартта Жогорку Кеңештин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети күнүмдүк керектөөчү азык-түлүктүн, күйүүчү, майлоочу майлардын баасын турукташтыруу жана кыргыз-кытай чек арасындагы жүк ташуучулар боюнча чаралар тууралуу өкмөттүн маалыматын укмак. Бирок комитеттин жыйыны депутаттар аз келгендиктен болбой калды.

Комитет мүчөсү, КСДП фракциясынын мүчөсү Дастан Бекешев өкмөт азык-түлүк жана башка товарлардын кескин кымбаттоосуна каршы кандай чара көрүп жатканы белгисиз болуп жатканына нааразы.

Дастан Бекешев.
Дастан Бекешев.

"Алар бизге азык-түлүк мынча пайыз кымбаттады деп статистикалык маалыматтарды гана берип жатышат. Баалардын көтөрүлүшүн тескөө, турукташтыруу, азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо же болбосо айлык акы, пенсияларды көтөрүү боюнча кандай аракет-чара көрүлүп жатканы тууралуу маалымат жок. Биз ошол маалыматты, көрүлүп жаткан чараларды, пландарын угалы деп чакырганбыз. Тилекке каршы, кворум жоктугунан жыйын өтпөй калды".


Айыл чарба министрлиги быйыл айыл чарба өсүмдүктөрүнүн жалпы аянты 1 млн. 220 миң гектар аянтты түзөт деп маалымдоодо. Анын ичинен 745 миң гектар аянтка кылкандуу дан эгиндери, тоют өсүмдүктөрү себилет, 12 миң гектар жерге кызылча айдалат. Расмий маалымдалып жатканы менен учурда дыйкандар эгиндин кайсы түрүн айдоону билбей, баш катырып турган учуру. Мисалы, кант кызылчасын айдап жүргөн дыйкандар өкмөт базарды мурунку жылдардагыдай Орусия, Беларустун кумшекери менен толтуруп салса, быйылкы мээнет күйүп кетерин айтып чочулашууда.

Кыргызстандагы кызылчачылардын бири, айыл чарба эксперти Манас Саматовдун айтуусунда, 12 миң гектар жерден алынган түшүм жалпы өлкөнүн кумшекер талабын канааттандырат:

Манас Саматов
  Манас Саматов

"12 миң гектар жерге кызылча айдалат, үрөн бар деп маалымат берилип жатат. Бул жалпы өлкөнүн кант керектөөсүнө жетет. Бирок, мына апрель келди, бирок иш баштала элек. Кызылча себе элекпиз. Дыйкандардын көпчүлүгү ойлонуп турушат. Анткени, мамлекет тарабынан кепилдик жок. Өкмөт атайын акча бөлүп, Орусиядан кант алып келүүнү көздөп жатат. Бул деген биздин дыйкандардын жолун тороо менен барабар. Анткени, Кыргызстан ЕАЭБге киргенден кийин канттын баасы кескин арзандап, кызылчачылар көп зыян тартты. Айдабай коюшту. Кыргызстандын өзүндө кызылча себилип турган жылдары кумшекердин баасы бир калыпта - 40 сомдун айланасында турган. Азыркы баасын эми жакшы билесиңер".

Былтыр март айында коронавируска байланыштуу чектөөлөр киргизилип жаткан учурда, 1 кг кумшекер 35 сом, 1 литр өсүмдүк майы 80 сом, 1 литр күйүүчү майдын баасы маркасына жараша 36-43 сомдун айланасында болчу. Бүгүнкү күнү кумшекердин чекене баасы 70 сомго чыкты. Өсүмдүк майы 160 сом, ал эми күйүүчү майдын 1 литри 46-50 сомдон сатылууда.



Источник: Азаттык үналгысы