11.12.2020 / Кыргызстан

Кыргызстан профсоюздарын рейдерлик басып алуу жолунун апогеи болду

Кыргызстан профсоюздарын рейдерлик басып алуу жолунун апогеи болду
Кече Кыргызстан профсоюздарын рейдерлик басып алуу жолунун апогеи болду. К. Рыспаев, М. Асанакунов тарапташтары менен карапайым кызматкерлерди алдап КР Укук жазык кодексинин абдан оор 219-беренесинде көрсөтүлгөн кылмыш ишти кылышты.
Бул саясий рейдерлик басып алуу 2017-ж. январда башталган. Эмне дегенде ошол кездеги вице-премьер министр жана өкмөттүн өкүлөдөрүнүн көзөмөл астында төрага болуп шайланган.

Асанакунов 3 жыл бою профсоюздарды талкаланууга алып барып жүрүп, андан соң эмгек китепчеси жасалма экенин Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы тастыктап, кылмыш ишин ачып, бирок жабып салган. Буга карабастан ал төрагалык кызматтан 2020-ж. 5 февралында алынган. Сотторго арыз доолор менен кайрылган, бирок соттор анын арыздарын четке каккандан соң, ал милицияга кайрылып бактысын тапты. Эмне дегенде милициянын тергөөчүлөрүнүн жана башка укук коргоо органдарынын колдоосу менен бир топ негизсиз кылмыш иштерин козготуп, профсоюздардын кээ бир төрагаларын кызматтан мыйзамсыз четтетип, профсоюзду тунгуюкка түртүп, банкроттукка алып барып, кызматкерлерди айлыксык калтырып коюп, кайра Кыргызстан профсоюздар Федерациясынын (КПФ) Кеңешинин мүчөлөрүн күнөөлүү кылып жатат. Асанакуновдун КПФ мөөрүн мыйзамсыз жасатып, профсоюз мүчөлөрүн сабатып, ызы чуу кылган иштерине укук коргоо органдары көз жумуп отургандай.

Эл аралык эмгек уюму, Дүйнөлүк профсоюз кыймылы, Кыргызстандагы Бириккен улуттар уюмунун өкүлү жана башка уюмдар 2019 - 2020 жылдары, кыргыз бийлигине, бир топ жолу кайрылгандан соң кысымдар жана "Кесиптик бирликтер жөнүндө" антиконституциялык мыйзамы токтогонсуп калган. Бирок октябрь окуяларынан кийин М. Бакиров, К. Рыспаев, Г. Молдобекова, М. Асанакунов, Президенттик шайлоонун астында, кысымдарды улантып, күч колдонуп жатышат.

Кыңыр иш кырк жылда билинет, бирок, Жаратканым буйруп, 10 январда шайлоо аман-эсен өтсө, бул кылмыштар кырк күндө аныкталат, себеби толгон токой далилдер бар.

34 минутадан Профсоюз жөнүндө карагыла.