30.11.2022 / Кыргызстан

Кыргызстандан барган эмгек-мигранттарынын эмгек укуктарына Россия Федерациясына карата экономикалык санкциялардын тийгизген таасири

Кыргызстандан барган эмгек-мигранттарынын эмгек укуктарына Россия Федерациясына карата экономикалык санкциялардын тийгизген таасири

«Инсан-Лейлек» коомдук фондунун ишинин негизги компоненттеринин бири – Кыргызстандан барган эмгек мигранттарынын укуктарын илгерилетүү жана коргоо. Евразиядагы акыркы геосаясий окуялар, атап айтканда, Россия Федерациясына каршы бир катар эл аралык санкциялардын киргизилиши, жарыяланган жарым-жартылай мобилизация жана Россиядагы миграциялык саясаттын өзгөрүшү Кыргызстандын эмгек мигранттарына болуп көрбөгөндөй таасирин тийгизүүдө.

2022-жылдын июнь айынан бери “Инсан-Лейлек” коомдук фонду жана Мигранттардын Кесиптик Бирлиги менен биргеликте Орусияга киргизилген экономикалык санкциялар Кыргызстандан барган эмгек мигранттарынын эмгек укуктарына кандай таасир эткени боюнча изилдөө жүргүзгөн.

Иликтөө Фридрих Эберт Фонду тарабынан колдоого алынып, ага Россия Федерациясында иштеген 361 эмгек мигранты жана кайтып келген мекендештерибиз катышты.

https://labourcentralasia.org/upload/iblock/f27/f27d0967015b1102e28f097b443371c5.pdf