02.03.2020 / Кыргызстан

Майлуу-Суу лампа заводунун араңжан абалы

Майлуу-Суу лампа заводунун араңжан абалы

Майлуу-Суу электр лампа заводунда өндүрүштүн ыргагы басаңдап, жумушчулар да азая баштады. 10 жылдан ашуун банкроттук абалда иштеп келаткан заводдогу жумуштун токтошу жергиликтүү тургундарды да тынчсыздандырууда.  

Заводдун абалын былтыр декабрь айында премьер-министр да келип көрүп кеткен.

Кезегинде күрүлдөп иштеген заводдо азыр иш ыргагы басаңдагандай. Айнек чыгаруучу жана жаңы үлгүдөгү лампаларды даярдоочу цехтер көптөн бери кыймылсыз турат.

Кураштыруу цехинин кызматкери Мелискан Токтогулова бул абал жамаатты тынчсыздандырып жатканын айтты:

Мелискан Токтогулова.
    Мелискан Токтогулова.

«Акыркы учурда маянабыз кемиди. Мурда 14 миң сом алсам, азыр 12 миңге чейин азайды. Заводдун келечеги бизди да тынчсыздандырат. Бир топ жылдардан бери иштеп, жумушсуз калсак каякка барабыз деп ойлонобуз. Ошондуктан жумушчуларга күн сайын иш болуп турганы жакшы. Ким сатып алат, кимдин колуна өтөт - болгону иш токтобосо деген тилек».

Заводдо иш мөөнөтү январь айынан тартып төрт күндүк болуп кыскартылып, жумушчулардын эмгек акысы 20% азайтылган. 2019-жылы ишкана 100 млн. даана лампочка чыгарып, өндүрүш жыл сайын азайып баратат. Кураштыруу цехинин башчысы Ташболот Болотов өкмөт өндүрүмдү сатуу жагынан жардам бербесе, акыбал оор болорун жашырган жок:

Ташболот Болотов.
     Ташболот Болотов.

«Чыгарылган лампаларды сатуу кыйын болуп жатат. Өзбекстан менен Орусия 100 Ваттан ашык лампаларды албай койду. Бул маселе менен өкмөткө жана Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондуна көп жолу кат менен кайрылдык. Ушул учурга чейин ишкана банкроттон чыга элек. Маммүлк фонду тарабынан атайын администратор дайындалган. Насыя алыш үчүн Орус-кыргыз өнүктүрүү фондуна кайрылсак, ушундай абалда бере албайт экен. Биз айнек чыгаруучу цехти жандантып, түрдүү айнек идиштерин чыгаралы деген планыбыз бар. Эгер завод өз ишин токтотсо, шаардагы жашоо да токтоп, социалдык чоң жарылуу болушу мүмкүн. Ошол себептен өкмөткө кайрылат элем, сатуу жагынан жардам берсеңер деп».

Майлуу-Суу электр лампа заводу 2003-жылы орус ишкерлерине 3,6 млн. долларга сатылган. Ишкананын мамлекетке карызы көбөйгөндүктөн 2009-жылы банкрот деп жарыяланып, «Майлуу-Суу лампа заводу» жоопкерчилиги чектелген коому болуп уюштурулган. Ошол жылдардан тарта заводду Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун банкроттук иштер боюнча департаменти аркылуу дайындалган атайын администратор башкарып келет.

Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев завод иши менен таанышуу учурунда. Декабрь, 2019-жыл.
     Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев завод иши менен таанышуу учурунда. Декабрь, 2019-жыл.

Жумушчулар заводду банкрот абалынан чыгаруу боюнча буга чейин көп жолу бийликке кайрылышканы менен абал өзгөргөн эмес. Майлуу-Суу шаарынын мэри Нурадил Маматов заводдун тагдыры азыр өкмөттө каралып жатканын билдирди:

Нурадил Маматов.
     Нурадил Маматов.

«Заводду мамлекеттин карамагына толук өткөрүү жана банкроттуктан чыгаруу боюнча өкмөткө бир нече ирет кайрылганбыз. Өткөн жылдын декабрь айында өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев да келип, заводдун абалын көрүп кеткен. Учурда лампа заводу боюнча министрликтер менен мекемелерге тапшырмалар берилген, ошол жакта каралып жатат. Завод токтосо, шаардын жашоосу да токтойт десек болот».

Майлуу-Суу лампа заводу 40 түрдүү лампочка чыгарат. 2018-жылдан тартып жарык-диоддук жаңы өндүрүм чыгара баштады. Бирок аны сатып өткөрүү кыйын болгондуктан азыр заводдун кампасында 300 миң даана лампочка сатылбай турат. Майлуу-Суу лампа заводунун коомчулук менен байланыш боюнча адиси Авазкан Арзыкулова буларга токтолду:

Авазкан Арзыкулова.
      Авазкан Арзыкулова.

«Колумдагы бул лампа - биз жаңыча чыгарган өндүрүм. Кубаттуулугу 10 Вт болгону менен, 150 Вт сыяктуу жарык берет жана электр энергиясын үнөмдөйт. Совет лампаларындай спираль эмес, башка материалдар колдонулуп жасалган. Иштөө мөөнөтү 10 миң саат, мындайча айтканда бир жылдан ашык убакытка туруштук берет. Күйүп турганда кармасаң да муздак абалда болот. Баасы даанасына 156 сом. Учурда 300 миң даана лампа кампада сатылбай турат. Соода-сатыкты Кытайдан ар кандай жолдор менен келген сапатсыз лампочкалар басып, элдин көпчүлүгү арзан өндүрүм алганга умтулат экен».

Майлуу-Суу лампа заводу.
       Майлуу-Суу лампа заводу.

Кезегинде 4 миң адам иштеген лампа заводунда азыр 1700 гана жумушчу калды. Ишкананын азыркы жагдайынан улам жетекчилик жумушчуларды мындан ары да азайтканы турат. Бул жагда й Майлуу-Суу шаарынын тургундарын да тынчсыздандырды. Заводдун мурдагы кызматкери жана шаар тургуну Каландар Саитов азыркы курч кырдаал үчүн өкмөттү айыптады:

Каландар Саитов.
      Каландар Саитов.

«Заводдун азыркы абалы өтө оор болуп турат. Сатык жакшы болбосо, өндүрүш да бир күнү токтоп калат. Ушул акыбалга 2002-жылы заводду туура эмес орус инвесторлоруна саткан өкмөт күнөөлүү. 100 млн. сом киреше менен чыккан ишкананы 2002-жылы 30-декабрда орустарга 3,6 млн. долларга сатып жиберишкен. 4 миң адам иштеген заводдо азыр болгону 2 миңге жетпеген гана адам калды. Учурдагы директору эч кимди тоготпойт. Шаар мэри, жергиликтүү депутаттар чакырса да келбейт. Жакында өкмөт башчы жумуш сапары менен келип, көрүп кеткенде да келбей койду. Майлуу-Суу лампа заводунун тагдырын мурунку президенттер Бакиев, Акаев, Атамбаевдер да жакшы билет болчу, бирок жардам беришкен жок. Заводду жаңылап, сатыкка ылайыктуу өндүрүм чыгармайынча абал өзгөрбөйт».

26 миңдей адам жашаган Майлуу-Суу шаарынын жашоочуларынын турмуш-тиричилиги да завод менен байланыштуу. Ишкана жылына 50 млн. сомдой салык төлөйт. Учурда банкроттук абалда турган лампа заводун «Кыргызмунайгаз» ишканасына иштетүүгө берүү маселеси өкмөттө каралып жатат. Аталган ишкана лампа заводун алып иштетүүгө макулдук берген.

«Биздин заводду инверсторлорго, анын катарында «Кыргызмунайгаз» ишканасына да өзүнө алууга сунуш кылышыптыр. Ал өнөр жай ишканасы миллиард сомдук киреше табууга жетип, заводду иштетүүгө кудурети жетет деп билебиз. Анткени газды алар арзан баада берсе, өндүрүм чыгаруу да жеңил болмок. Ошондуктан биз көбүрөөк ушул ишканага берилишин каалайбыз», - деди кураштыруу цехинин башчысы Ташболот Болотов.

Майлуу-Суу лампа заводунун курулушу 1964-жылы башталган. Ал эми 1967-жылы алгачкы өндүрүмүн чыгара баштаса, 1974-жылы 1 млрд. электр лампаларын өндүрүүгө жетишкен. Быйыл болсо 90 млн. гана лампочка чыгаруу планы бар.


Азаттык үналгысы