27.03.2020 / Кыргызстан

Мен - биригүү эркиндиги үчүн!

Мен - биригүү эркиндиги үчүн!

Кыргыз Республикасынын Президенти  С.Ш. Жээнбековго

Урматтуу Сооронбай Шарипович,

Биз, Кыргыз Республикасынын профсоюздарынын 700 000 мүчөсү, учурда КРнын Жогорку Кеңешиндекаралып жаткан, Кыргыз Республикасынын “Кесиптик кошуундар жөнүндө” мыйзам долбоорун кабыл алууга каршыбыз.

Мыйзам долбоордо:
1. Иштеп жаткан жарандардын көз карандысыз кесиптик кошуундарга биригүү укугу жана эркиндиги чектелип жатат;
2. Пенсионерлер жана окуучулардын кесиптик кошуундарга биригүүсүнө тыюу салынган;
3. Профсоюздардын өз алдынча уставын иштеп чыгуу, ишмердүүлүгүн уюштуруу, программасын түзүү аракетин, профоргандардын структурасын аныктоо укугу бузулуп жана чектелип жатат.

Мыйзам долбоордун бул жоболору Кыргыз Республикасынын Конституциясына (4,6,35-б.), Эмгек боюнча эл аралык уюмдун №87 “Биригүү эркиндиги жөнүндө”, №98 “Профсоюздарга биригүү жана жамааттык сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү укуктарынын принциптерин колдонуу жөнүндө” Конвенцияларына карама-каршы келет.

Мыйзам долбоорду кабыл алгандан кийинки тобокелдиктер жана натыйжалар төмөнкүдөй:

  • Коррупциялык схема өрчүйт жана коррупция гүлдөйт;
  • ВСПнын программасынан Кыргызстан чыгарылат, буга ылайык биздин өлкө евросоюздун өлкөлөрүнө 6000 аталыштагы товарларды үстөксүз экспортоого укук алган;
  • Эл аралык санкциялар жана эл аралык уюмдардан чыгарылышы мүмкүн;
  • Эл аралык программалардын жеңилдиктери да токтотулат;
  • Өлкөнүн имиджи өзгөрөт;
  • Өлкөнүн башчысынын имиджине доо кетет;
  • Чакан жана орто бизнеске сокку болот жб

Урматтуу Сооронбай Шарипович, аталган мыйзам долбоорду өткөзбөөңүздү суранабыз.

change.org