03.03.2020 / Кыргызстан

Бишкекте «Караван» соода борборунун арендаторлору митингге чыгышты

Бишкекте «Караван» соода борборунун арендаторлору митингге чыгышты

Бүгүн Бишкекте «Караван» соода борборунун арендаторлору митингге чыгышты.

Алар президент Сооронбай Жээнбековго кайрылып, соода борборду электрондук сатыктан алып салууну суранышууда.

Соодагерлердин айтымында, «Караван» менен келишим 2019-жылдын май айында бүткөн. Андан бери эч ким мөөнөтүн узарта элек. Ага карабай ижара акысын убагында төлөп келишет.

«Биз соода борбордогу дүкөндөрдү мурдакы кожоюн Нариман Тюлеевден сатып алганбыз. Ага депозит катары 3 миң доллардан бергенбиз. Эки революциядан кийин дүкөндөрдү өз каражатыбызга кайра ордуна келтиргенбиз», — дейт соодагер Алима Сулейманова.

Белгилей кетсек, «Караван» соода борбору Нариман Түлеев соттолгондон кийин мамлекеттик карамагына өткөн.

156622_w_h500_r.jpg

24.kg