22.12.2020 / Кыргызстан

Эл аралык уюм түркмөн журналистине болушту

Эл аралык уюм түркмөн журналистине болушту

«Чек арасыз кабарчылар» эл аралык уюму «Turkmen.news» басылмасынын кабарчысы Нургелды Халыковду камактан бошотууга чакырды. Халыков быйыл жайында коронавирус боюнча абалды баалаш үчүн Түркмөнстанга келген Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун миссиясынын сүрөтүн тараткандан кийин камакка алынган.

«Чек арасыз кабарчылар» уюму 18-декабрда түркмөн журналисти Нургелды Халыковдун камалышы тууралуу билдирүү таратты.

«Түркмөнстан - журналисттер үчүн эң кооптуу өлкөлөрдүн бири. Нургелды Халыков сайтта жөнөкөй сүрөт жарыялагандан кийин камакка алынды. «Чек арасыз кабарчылар» уюму Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) сөз эркиндиги боюнча жаңы өкүлүн журналистти эркиндикке чыгышы үчүн иштөөгө чакырат», деп айтылат билдирүүдө.

Окуя быйыл 12-июлда башталган. Анда баш калаа Ашхабаддагы мейманканалардын биринде эс алуучулар бир топ чет өлкөлүк жарандардын сүйлөшүп отурганын жашыруун тартып, аны «Инстаграмга» жарыялаган. Сүрөттүн алдына «бул отурган чет өлкөлүктөр Түркмөнстанда коронавирус эпидемиясынын жок экенин текшергени келишкен» деп жазылган. Ошондон кийин сүрөттү жарыялаган автор аны өчүрүп салган.

Ал эми «Turkmen.news» басылмасынын кабарчысы Нургелды Халыков бул сүрөттү сайтка жаңылык кылып жазган.

Бир күндөн кийин Халыков полиция бөлүмүнө чакырылып, ошондон кийин үй-бүлөсү андан кабар ала албай калган. Октябрда ал шылуундукка байланыштуу айыпталып, төрт жылга эркинен ажыратылганы белгилүү болгон. Халыков иштеген «Turkmen.news» басылмасы «бул басма сөз эркиндигине каршы куугунтук» деп сындаган билдирүү тараткан.

«26-июлда Нургелды басылмага «5000 доллар карызым бар болчу, ошон үчүн мени полицияга чакырышты» деген маалымат жөнөткөн. Ага карызга акча бергендер арыз жазышыптыр. Бирок буга чейин «Turkmen.news» сайтынын редакциясы Халыковдун мындай көлөмдүү карызы бар экенин билген эмес. Ал бизге мындай маселеси болсо айтмак. Бизге муну түшүндүрө алган жок. Ошондон бери аны менен байланышыбыз жок», деп жазылат «Turkmen.news» сайтында.

Ошондой эле «Чек арасыз кабарчылар» уюмунун билдирүүсүндө Нургелды Халыковго жалган жалаа менен айып коюлуп, жазага тартылганы жана ал абакта кыйноого кабылып жаткан болушу ыктымал экени айтылат. Анын камалышы өлкөдөгү эркин басма сөздүн акыркы өкүлдөрүнүн оозун жабуу аракети катары бааланган.

«Нургелды Халыковго карата чыгарылган өкүм эркин басма сөздүн акыркы өкүлдөрүнүн оозун жабыш үчүн бийлик тарабынан жасалма айыптоолорун көрсөтүп турат. Аны абакта кыйнап, коркутуп жатышкан болушу мүмкүн», деп жазылат уюмдун билдирүүсүндө.

Аталган уюм 2020-жылы дүйнө жүзү боюнча 130дан ашуун журналист коронавирус пандемиясы тууралуу кабар жазганы үчүн камакка алынганын билдирген. Бул журналисттердин кеминде 14ү дагы эле түрмөдө отурганын белгилейт.

2020-жылдын баяндамасына ылайык Кытайда 117, Сауд Арабиясында 34, Египетте 30, Вьетнамда 28 жана Сирияда 27 журналист түрмөдө отурат.

Ал арада Түркмөнстандын бийлиги ушул кезге чейин өлкөдө коронавируска чалдыккандар бар экенин четке кагып келет. Бирок ошону менен бийлик карантиндик катуу чараларды киргизген. Мисалы, түркмөн бийлиги 45 жаштан өткөн адамдарга өлкө ичинде бир аймактан экинчисине барууга чектөө киргизген.


Азаттык үналгысы