21.06.2021 / Кыргызстан

Жарандык коом маалымат мыйзамын четке кагууга чакырды

Жарандык коом маалымат мыйзамын четке кагууга чакырды

Жогорку Кеңештин бир канча депутаты социалдык тармактагы фейк-аккаунттар менен күрөшүү үчүн былтыр президент тарабынан артка кайтарылган “Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө" мыйзам долбоорун тез арада кабыл алууга чакырык жасашты.

Жарандык коомдун нааразычылыгынан кийин кайра иштеп чыгуу үчүн артка жөнөтүлгөн мыйзам долбоорун иштеп чыгуу үчүн ушул айда парламенттин тармактык комитети макулдашуу тобун түзгөн. Жарандык коом мыйзам долбоору "сөз эркиндигин ооздуктоого багытталат" деп кооптонууда.

Депутаттар чычалады

Депутаттар Шайлообек Атазов, Самат Исманов, Өмүрбек Бакиров, Акыл Кемелов Жогорку Кеңештин 17-июндагы жыйынында социалдык тармактарда фейк-аккаунттардын чабуулуна, каралоосуна кабылганын айтып, аларга каршы мыйзам кабыл алуу демилгесин көтөрүштү.

“Мына бул жерде Кумтөрдү, жолдорду, ЖЭБди жегендер, кээ бир саясатчылар миңдеген фейктер менен отуруп алып депутаттарды, өлкө башчыларын каралап жатасыңар. Фейктин дагы чеги болот да. Урматтуу төрага, ушул боюнча мыйзам долбоору болсо, ар бир адамдын ар-намысы корголуш керек”, - деди депутат Шайлообек Атазов.

Ал эми депутат Өмүрбек Бакиров Баш мыйзамдагы "адам айткан сөзү үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылбайт" деген беренени өзгөртүү керектигин билдирди.

Өмүрбек Бакиров
Өмүрбек Бакиров

“Баш мыйзамдын 29-беренесинин 2-пунктунда эч ким инсандын абийирине жана ар-намысына доо кетирген же аны кемсинткен маалыматтарды тараткан үчүн "жазык куугунтугуна алынышы мүмкүн эмес" деп жазылып турат. Мен депутаттарды ушул конституциялык мыйзамдарды өзгөртүп, фейктерге, бирөөнүн ар-намысына доо кетирген адамдарга чара колдонууга чакырат элем”.

Интернетти чектеген чуулгандуу мыйзам

Депутаттар Гүлшат Асылбаева менен Айнура Осмонова былтыр сунуштаган мыйзам долбоору тогуз беренеден турат. Анда интернет колдонуучулардан баштап, сайттын кожоюндарынын, интернет-провайдерлердин укук-милдеттери жазылган.

18-июнда медиа эксперттер, журналисттер, юристтер жана бийлик өкүлдөрү мыйзам долбоорун талкуулаган жыйынга чогулушту. Жыйында мыйзам долбоорун кабыл албоо сунушу парламентке, президенттик администрацияга жөнөтүлдү.

Кайрылууда сөз болуп жаткан документ Баш мыйзамга каршы келери, адамдын сөз эркиндиги, эркин оюн билдирүү сыяктуу укуктарын чектери жазылган. Эксперттердин айтуусунда, мыйзам долбоорун ишке ашыруунун механизми, каржы булагы көрсөтүлгөн эмес.

Буга чейин Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги мыйзам долбоорун ишке ашыруу үчүн каражат жок экенин билдирген.

Министрдин орун басары Ильязбек Балташев мыйзам долбоору кабыл алынып калса, аны аткаруу үчүн ресурс жетишсиз экенин айтты.

Ильязбек Балташев
Ильязбек Балташев

“Министрликтин алдында Маалымат жана коммуникациялар департаменти бар болчу. Азыр ал жоюлуп, башкармалык иштеп жатат. Ал жерде 11 адам эмгектенет. Алар аккредитациядан өткөн, лицензия алган маалымат каражаттары менен жана борбордук аппарат болгондуктан, башка да кагаз иштери менен алектенет. Департаменттин күчү жетпей турганын билдиргенбиз. Министрлик аткаруучу орган болгондуктан, мыйзам чыгаруу органы кандай мыйзам чыгарса, кандай болбосун аткарууга туура келет. Бирок бул мыйзам кабыл алынып калса, аны аткарууда кандай божомолдор күтүп турарын айтканбыз”.

"Фейк" баккандар кимдер?

“Элгезит” электрондук басылмасынын редактору Семетей Аманбеков мыйзам долбоору фейктерге каршы күрөшүү эмес, сөз эркиндигин ооздуктоо үчүн жазылып жатат деп эсептейт.

“Бул мыйзам фейк-аккаунттарга эмес, тескерисинче такталган, сөз эркиндиги үчүн күрөшкөн маалымат каражаттарынын оозун жапканга жазылып жатат. Бир чоң паракордун жанында жүргөн депутат фейктер менен күрөшүш керек деп жатышат. Алардын өздөрүнүн фейк фабрикалары бар экенин билебиз. Бул мыйзам өздөрүнүн фейктерине жардам берип, оюн ачык жазган адамдарга, фейктер менен күрөшкөн эркин медиага каршы болот”.

Мыйзам долбоорунун автору депутат Гүлшат Асылбаева болсо мыйзам долбоору фейк-аккаунттарга гана каршы иштейт деп ишендирүүдө:

“Мыйзамды мурдагы же азыркы бийлик түртүп жатат деп жатышпайбы. Ошол эле кезде бийликтин фейк-фабрикасы бар деп айыптап келишет эмеспи. Эгер бул мыйзам кабыл алынып, фейк-аккаунттарга бөгөт коюлса алардын дагы фейк-фабрикалары жоголот да. Балким мурдагы бийлик ушул үчүн кол койгон эместир".

“Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө” мыйзам долбоорун талкуулаган жыйында фейк-аккаунттар шайлоо мезгилинде, саясий жараяндар учурунда жанданары айтылды.

Медиа эксперт Авланбек Жумабаев бийлик чындап эле жалган маалыматтар менен күрөшкүсү келсе, медиа коомчулук жардамдашууга даяр экенин билдирди.

“Депутаттар бизди ашкере сындап жатат деген шылтоо менен журналисттер менен күрөшкөнү жатат. Бул айкын болуп калды. Фейктерди таап, жок кылуунун жолдору бар. Аны биз талкуулап, жолун көрсөтүп берип жатабыз. Ошол жол менен барбай, ишке ашпаган мыйзамдарды кабыл алып жатат. Негизи фейктер кайсы учурда күчөрүн, кимдерге иштеп жатканын билебиз. Ошондуктан сөз эркиндигин күч менен жабууга аракет кылбай, фейктер менен чындап эле күрөшөбүз десе, медиа коомчулук аларга жардам бергенге даяр”.

Парламент былтыр кабыл алган “Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө” мыйзам долбоорун мурдагы президент Сооронбай Жээнбеков кол койбой, макулдашылган вариантын иштеп чыгыш үчүн кайра Жогорку Кеңешке кайтарган. Анын алдында Бишкек шаарында бир нече нааразычылык акциялары өткөн.

Унутта калган мыйзам долбоорун депутаттар ушул жылдын май айында кайра эстеп, парламенттин тармактык комитети бийлик органдарынын өкүлдөрүнөн турган макулдашуу тобун түзгөн. Ага журналисттер, жарандык коом өкүлдөрү киргизилген эмес.

Демилгечи депутаттардын бири Гүлшат Асылбаева болсо мыйзам долбоорунун акыркы варианты даяр боло электигин билдирүүдө.

Азаттык үналгысы

Бишкек. 29-июнь, 2020-жыл. Нааразылык акциясына чыккандар "Маалыматты манипуляциялоо" мыйзамына вето коюуну президенттен талап кылышкан.

ДАГЫ КАРАҢЫЗ

Интернетти тескеген долбоор кайра талкууда

Сөз эркиндигин коргоп чыккандардын акциясы. 29-июль, 2020-жыл
Талаштуу мыйзам боюнча президент тайм-аут алды


Асылбек Жээнбеков жана Нуркан Керимбаев. Коллаж.

Экс-спикердин жакыны жана фейк аккаунттар