10.04.2021 / Кыргызстан

Жумушсуздардын катары калыңдады

Жумушсуздардын катары калыңдады

Эл аралык республикалык институт (IRI) Кыргызстанда эң чоң көйгөй жумушсуздук экенин аныктады. Уюм өткөн аптада өлкөнүн социалдык абалы тууралуу иликтөөсүн жарыялады. Расмий статистикага ылайык, Кыргызстандагы 200 миңдей адам жумушсуз. Бирок алардын саны мындан алда канча көп экени айтылып жүрөт.

Бишкектин Лев Толстой көчөсү коомчулукта “эмгек биржасы” деген ат менен таанымал болуп калган. Бул жерге жарандар утурумдук жумуш издеп чогулат. Алардын бири, жашы кыркка чамалап калган Максат аттуу адамды кепке тарттык. Ал беш баласын жана оорукчан ата-энесин күндө тапкан акчасы менен багарын айтып берди:

“Кээде жумуш жакшы болот. Анда 1000 сомго чейин таап алам. Бирок жумуш чыкпай калган күндөр толтура. Күн жылыды, эми иш кызыйт. Курулуштагы кара жумуштарда иштейбиз. Короо тазалоо иштерине да алып кетишет”.

Максат чечилип сүйлөгүсү келген жок. Анан калса жол жээгине токтогон автоунаадан түшкөн адам “чуңкур казганга төрт киши керек” деп калды. Жумуш табылганына сүйүнгөндөр жабыла машинеге түшүп кетишти.

Максатка окшогондор Лев Толстой көчөсүндө ондоп тизилип турат. Алар бизге күнүнө бул жерге бери дегенде эле 300дөй адам жумуш издеп чыгарын айтып беришти. Деген менен баарына эле иш табыла бербейт. Бир күндө 100 кишиге жумуш чыкса чыгат, болбосо үйүнө куржалак кайтышат.



Өзүн Макен деп тааныштырган адам туруктуу иш болгондо көчөдө кесерип турбастыгын айтууда:

“Кымбатчылык башталгандан бери тапкан акчам тиричиликке жетпей калды. Керели-кечке иштеп жүрүп, колго тийген акыма үйгө тамак-аш алып барам. Өп-чап эле жетет. Эки балам бар. Аялым да майда-барат иштерден акча табат. Жогорку кызматтагылар элди ойлобой калды. Мына, жашым кырктан ашты. Үй сала элекмин. Ар кимдин үйүн ижарага алып эптеп жашап жүрөм”.

Бул көчөгө чогулгандар бийликтен эбак үмүтүн үзүп коюшкан шекилдүү. Эл өз арабасын өзү тартып жүргөн чакта азык-түлүктүн баасынын асмандашы да түйшүктү арбытты дешет. Жумушсуздук маселесине коронавирус пандемиясы кошул-ташыл болду.

Эл аралык республикалык институт (IRI) Кыргызстандын социалдык абалын иликтеп чыкты. Уюм жүргүзгөн сурамжылоого миңден ашык киши катышкан. Жыйынтыгында олуттуу көйгөй катары жумушсуздук аныкталган.

“Сурамжылоо 21-февралдан 5-мартка чейин уюк, стационардык телефон аркылуу жүргүзүлгөн. Ага Кыргызстандын бардык облус, район, калктуу аймактардан катышкан 1200 адамдын 700дөйү жумушсуздукту башкы көйгөй катары көрүшөт”, - деп айтылат уюмдун иликтөөсүндө.

Буга чейин ушундай эле иликтөөнү Улуттук статистика комитети жүргүзгөн. Анда айрыкча коронавирус пандемиясынын айынан ар бир үйдөн эч болбогондо бир адам жумушсуз калганы белгилүү болгон.


Ошондой эле четте жүргөн мигранттардын көбү мекенине кайтып келүүгө аргасыз болгону белгилеген. Алардын көбү Ош шаарынын тургундары деп айтылган.

IRI жүргүзгөн сурамжылоодо кыргызстандыктар (59%) эң олуттуу көйгөй катары жумушсуздукту белгилешсе, экинчи орунга коррупция (50%) чыккан. Үчүнчү орунда азык-түлүктүн кымбатташына кабатырлануу (48%), андан кийин билим берүү (28%), коронавируска (27%) тынчсыздануу болгон.

Экономист Эркин Абдразаков аталган уюмдун иликтөөсүн саясий-экономикалык кризиске байлады.

Эркин Абдразаков.
Эркин Абдразаков.

“Шайлоо артынан шайлоо болуп жатат. Биз экономиканы ойлошубуз керек. Саясат менен элдин курсагын тойгуза албайбыз. Күндөн-күнгө саясаттын табы көтөрүлүп жатат. Бул элдин чыдамын кетирет. 2019-жылдагы Кыргызстандын ички дүң өнүмүнүн көрсөткүчүнө жетиш үчүн дагы үч жыл керек. Экономика туруктуу болсо гана ошого жетебиз. Бул биздин дефолт абалына кептелгенибиздин белгиси. Мамлекеттик экономикасы коркунучтуу абалга келди. Тыштан кайсы өлкө гуманитардык жардам берсе сүйүнүп жатабыз. Тескерисинче, буга ыйлаш керек”.

Адистер өлкөдөгү жумушсуздукту азайтуу үчүн убактылуу жумуш орундарын түзүү демилгесин көтөрүп жүрөт. Маселен көчө тазалоо, арык казуу өңдүү мезгилине жараша жаралган иштерди сунушташкан.

Расмий статистикага ылайык, Кыргызстандын 2,5 миллионго чукул жараны жумушка жарамдуу. Анын теңине жакыны миграция менен жан баккандар экени айтылып жүрөт. Адистер жумушсуздук маселеси жаз айларында курчушу мүмкүн экенин эскертишет.

Өкмөткө караштуу иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгы ишсиз жүргөн жарандарга жардам берген мекеме. Алар өткөн жылы иш берүүчүлөр менен кызматташып 15 миң жаранды ишке орноштурган.


Мекеменин башчысынын милдетинин аткаруучу Наргиза Туркебекова пандемиядан улам эмгек рыногундагы иш орундары да кескин кыскарганын кеп салды.

“2019-жылы биз 35 миң бош орун тапканга жетишкенбиз. Ал эми 2020-жылы иш берүүчүлөр 20 миң гана жумушчу орун сунуштады. Биз анын 15 миңин пайдаланып, жумушсуз жарандарга сунуштадык”.

Расмий маалыматка ылайык, жумушсуздардын саны былтыр апрель-июль айларында өскөн. Өкмөт муну четтен кайтып келүүгө аргасыз болгон мигранттар менен негиздеген.

Жумушсуздук маселесинен улам парламент депутаты Акылбек Жапаровдун кыргызстандыктарды Орусияга поезд менен эшелон кылып жөнөтүү тууралуу сунушу талкуу-талаш жараткан.

Кыргыз милициясы элдин көбү ишсиз отургандыктан майда уурулук күчөгөнүн билдирген.

Расмий маалыматка ылайык, өлкө боюнча жалпы жумушсуздардын саны 2020-жылга карата 156 300 кишини түзөт. Расмий эмес булактарда алардын катары жарым миллионго жетери айтылып жүрөт.

Азаттык үналгысы