05.05.2020 / Қырғызстан

Айттырбай келген кырсыктын кесепети

Айттырбай келген кырсыктын кесепети

Баткен жана Жалал-Абад облустарында 2-3-майдагы селдин кесепеттерин жоюу иштери уланууда.

Лейлекте табият кырсыгынын чыгымы болжол менен 70 млн. сом деп эсептелди. Жалал-Абаддын Ала-Бука жана Аксы райондорунда сел ташкыны жолду жана турак жайларды каптаган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги алдыдагы күндөрү туруксуз аба ырайы кала берерин эскертип, тургундарды сел ташкындарынан сак болууга чакырды.

Ала-Бука районунун Кош-Алмурут айылында 3-майда тартылган видеодон көчө аралап толкуп-ташыган селди көрүүгө болот. Жергиликтүү тургун сууну токтотконго аракет кылса да, короо жайы ылай сууга толгонун тартып көрсөткөн:

«Жол толо суу агып жатат. Биздин үйүбүз суунун ортосунда калды. Кошунабыздын короо жайына суу толуп бүттү окшойт. Абалыбыз ушундай болуп калды».

Аксыдагы сел. 3-май, 2020-жыл.
     Аксыдагы сел. 3-май, 2020-жыл.

Балтагулов айыл аймагындагы сегиз айылда сел жүргөн. Айттырбай келген кырсык турак жайларга көп деле зыян келтирген эмес. Мөндүр аралаш жааган жаан айыл чарба өсүмдүктөрүнө да зыянын тийгизди. Балтагулов айыл өкмөтүнүн башчысы Равшанбек Дуулатов райондук комиссия жеринде чыгымдарды тактап жатканын айтты:

«3-май түнкүсүн кырсык болгон айылдарды кыдырып чыктык. Учурда жети айылда тиешелүү адистер менен бирге тактоо жумуштары жүргүзүлүп жатат. Ар бир айылда үч чакырым жолду суу алып кеткен. Эки көпүрө жарактан чыкты. Мындан сырткары беш-он сантиметр калыңдыктагы мөндүр жаап, буудай, жүгөрү анын алдында калды. Чыгымдарды комиссия аныктап чыгат. Камсыздандыруудан өткөн турак жай ээлерине камсыздандыруу компаниясы жардам берет. Ал эми калган үй-бүлөлөргө жергиликтүү бюджеттин эсебинен жардам көрсөткөнгө аракеттенебиз».

3-майдагы жаан-чачындын айынан Ала-Бука районунун Т. Балтагулов, Аксы районунун Кашка-Суу, Жаңы-Жол айыл аймактарында сел жүргөн. Учурда аталган аймактарда жол каттамдары калыбына келтирилип жатат. Адам өмүрүнө жана мал-жандыктарга зыян болгон жок.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынын өкүлү Абдуманап Дыйканов буларга токтолду:

«3-майда нөшөрлөп өткөн жамгырдын кесепетинен Аксы районуна караштуу Жаңы-Жол айыл аймагынын Жаңы-Жол айылындагы жолдун бир чакырымын, үч азык-түлүк дүкөнүн, үч турак жайды суу каптаган. Ушул эле райондун Кашка-Суу айыл аймагынын Тосту, Туюк-Жар, Кара-Башат участкаларында жайгашкан турак жайлардын короо жайларына жана жолдорго зыян келген. Ал эми Ала-Бука районунун Т.Балтагулов айыл аймагынын Кош-Терек айылында сугат каналынан суу ашып, алты үйдүн жана Ызар айылында сегиз үйдүн короосун суу каптаган. Аймактагы жарандык коргонуу комиссиясы селдин кесепеттерин жоюу иштерин жүргүзүп, жапа чеккендерди тактап жатат».

Баткен облусунун Лейлек району. 3-май, 2020-жыл.
      Баткен облусунун Лейлек району. 3-май, 2020-жыл.

2-майда Лейлек районунда катталган жаратылыш кырсыгы болжол менен 69 млн. сом зыян алып келди. 4-майда вице-премьер-министр Акрам Мадумаров Лейлектеги сел жүргөн аймактарга барды. Мадумаров селдин кесепетинен бузулган үйлөрдү, имараттарды көрдү. Вице-премьер-министр кырсыктын кесепеттерин жоюу боюнча тийиштүү органдарга тапшырма бергени маалымдалды. Бирок азырынча жабыркагандарга кандай жардам берилери айтыла элек.

Лейлек районунун акими Баймурат Бекмуратов чыгымдар мындан да көп болушу мүмкүн деп эсептейт.

«Чыгымдарды эсептөөдө айрым жабыркаган жерлер камтылбайт калыптыр, - деди ал. - Кайрадан тактоо боюнча тапшырма бердим. Исфана-Баткен, Ак-Суу-Сумбулак жолунун сел каптаган аймактары калыбына келтирилип, машине өтүүгө ыңгайлаштырылды. Эми алдыда жол капиталдык оңдоону талап кылат. Район аймагында электр жарыгы калыбына келтирилди. Катраңкы айыл өкмөтүндө гана электр жок. Белес дарыясынан өткөн линиялар үзүлүп, аны оңдоого Оштон адистер чакыртылган. Кечке чейин бул аймакта да калыбына келет деп турабыз. Ал эми ички канал-арыктар эки-үч күндүн ичинде калыбына келтирилет. Таза суу Исфана шаарынын тургундарына берилди, Сүлүктү шаарыныкы калыбына келтириле элек».

Баткендин Исфана шаарында да 3-майдагы селдин кесепетинен 30дан ашуун үйдүн жертөлөсүнө, бала бакчанын короосуна суу кирген, айрым жерлерде дубалдар бузулган, жолдорду суу каптап, шагыл толгон. Бул аймакта да калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги алдыдагы күндөрү Кыргызстанда аба ырайы туруксуз болорун эскертип, сел ташкыны болорун билдирип жатат.

4-7-майда Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында нөшөр жаан жаап, дарыя, арыктардан суу ашып кетиши ыктымал. Ушундан улам министрлик калктуу конуштарды сактоо жана алдын алуу иштерин жүргүзүүнү жергиликтүү бийликке тапшырды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, өлкөдө кооптуу аймактарда жашап жаткан 3909 түтүн элди тез арада коопсуз жайларга көчүрүү боюнча жергиликтүү бийликке эскертүү берилген. Министрлик жалпысынан 153 даана чатыр бөлүп берип, коопсуз жайга убактылуу көчүрүп жатат.

Азаттык үналгысы