Коомдо кызмат убагында каза болгон прокурордун үй-бүлөсүнө 21 миллион сом компенсация берилгени тууралуу маалымат чоң талкуу жаратты. Кызыгы, буга депутаттар да нааразы болду. Мыйзам эмне дейт?
Андан арыБыйыл үч айда Россияга 173 миң кыргызстандык мигрант барган
Үстүбүздөгү жылдын январь-март айларында 173 миң кыргызстандык Россияга иштегени барган. Бул туурасында Sputnik Ближнее зарубежье Телеграм каналы Федералдык коопсуздук кызматына таянуу менен жазды.
«Инсан-Лейлек» коомдук фондунун ишинин негизги компоненттеринин бири – Кыргызстандан барган эмгек мигранттарынын укуктарын илгерилетүү жана коргоо. Евразиядагы акыркы геосаясий окуялар, атап айтканда, Россия Федерациясына каршы бир катар эл аралык санкциялардын киргизилиши, жарыяланган жарым-жартылай мобилизация жана Россиядагы миграциялык саясаттын өзгөрүшү Кыргызстандын эмгек мигранттарына болуп көрбөгөндөй таасирин тийгизүүдө.
Соцфонд пенсияга чыгуу курагын узартууну кайра сунуштады. Кимге тиешелүү болот?
Учурда 63 жашка толгон эркектер, 58 жашка чыккан аялдар пенсия алууга укуктуу.
Кыргыз-казак чек арасында турган жүк ташуучу унаалар маселесин талкууланды
Евразия экономикалык комиссиясынын кеңешинин жыйынынын алкагында министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев жана Казакстан премьер-министринин орун басары — соода жана интеграция министри Бахыт Султанов Россияга багыт алган жүк ташуучу унаалардын токтоп тургандыгы боюнча маселени талкуулады.
"Шереметьеводо" айрым мигранттардын иши токтоду
16-марттан тартып Москванын эң чоң аэропорту - “Шереметьеводо” кызматкерлердин 40% кыскартылганы кабарланды. Көп өтпөй жумушчулардын 20% гана иши убактылуу токтотулганы айтылды. Дүйшөмбүдө орусиялык басылмалар “Шереметьево” аэропортунун башкы директору Михаил Василенко кызматкерлерди 40% чейин убактылуу кыскартуу жөнүндө буйрук чыгарганын маалымдашты. Бирок ал мөөнөт канчага созулары айтылган эмес. Кийинчерээк “Шереметьевонун” администрациясы убактылуу ишин токтоткондор 40% эмес, 20% экенин билдирди.
Кыргыз-казак чек арасы: Кезек күткөн машинелер көбөйдү
Кыргыз-казак чек арасындагы "Ак-Тилек" көзөмөл бекетинде Казакстандын аймагына кирүү үчүн кезек күткөн автоунаалардын саны көбөйүп, беш чакырымга чейин тизилип турушат. Бир тобу тийиштүү уруксат кагаздарын даярдабай барып алгандар. Ибрагим Паншаров Бишкектин түндүк тарабындагы айланма жолдо Токмок шаары тараптан келип кезекте турат. Кыргыз-казак чек арасындагы "Ак-Тилек" көзөмөл өткөрмө бекетинде анын кезеги тез дегенде бир суткада жетчүдөй.