26.07.2023 / Кыргызстан

Ооруп калып ишке чыкпаганы үчүн төлөнчү жөлөк пул эки эсе көбөйдү

Ооруп калып ишке чыкпаганы үчүн төлөнчү жөлөк пул эки эсе көбөйдү
Буга чейин 5000 миң сомдон компенсация төлөнүп келген.

Ден соолугуна байланыштуу жумушка чыга албай калган жарандарга төлөнүүчү сумма эки эсе көбөйдү. Бул туурасында Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын мыйзамдары менен иштеп жаткан жарандар ооруп калган учурда аларга убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча жөлөк пул төлөнөт. Ал биринчи 10 иш күнү үчүн эмгек акынын 100 пайыз өлчөмүндө, ал эми 11-иш күнүнөн тартып 10 миң сом иш берүүчүнүн өздүк каражатынын эсебинен төлөнөт. Жөлөк пулду чегерүү үчүн убактылуу эмгекке жарамсыздык баракчасы негиз болуп саналат. Аталган ведомстводон буга чейин 5000 сомдон берилип келгенин айтышты.

Ал эми бийик тоолуу жана алыскы барууга кыйын шарттарда иштеген жарандарга мындай жөлөк пул эмгек акынын толук өлчөмүндө төлөнүүгө тийиш.

Sputnik.kg